Жаңылыктар
Америкалык Pfizer вакцинасын сыноодо алган алты адам каза болду
Дүйнө
Америкалык Pfizer вакцинасын сыноодо алган алты адам каза болду

Америкалык "Pfizer" компаниясы менен Германиянын "BioNTech" компаниясы биргеликте иштеп чыккан коронавируска каршы Pfizer вакцинасын сыноо учурунда вакцина алган алты адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, каза болгон алгачкы ыктыярчы вакцинаны алгандан үч күн өткөндөн кийин каза болгон. Вакцинаны алган дагы эки ыктыярчы инсульттан жана инфаркттан каза болгон. Учурда дагы калган үч ыктыярчынын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат. Вакцинаны алып каза болгон алты кишинин үчөө 55 жаштан жогору экендиги белгилүү болду.