Жаңылыктар
Түркия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасынан баш тартты
Дүйнө
Түркия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасынан баш тартты

Түркия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын сатып албоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты. Ага ылайык, мындай чечим кабыл алынгандыгын Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджа билдирген. 

"Түркия Орусиянын коронавируска каршы Спутник V вакцинасын сатып албайт. Орусиялык вакцина - бул аденовирустук вакцина. Мындай маселе лабораториялык практиканын егизинде жаралган. Орусиянын вакцинасы лабораториялык практикага ылайык келген эмес", - деген Фахреттин Коджа. 

Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда Спутник V вакцинасын сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталышы берилген. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.