Жаңылыктар
Ээси уурдалды деп ойлогон бир үйүр жылкы музга тоңуп калган
Дүйнө
Ээси уурдалды деп ойлогон бир үйүр жылкы музга тоңуп калган

Казакстандын Павлодар облусунда 30-ноябрь күнү 26 жылкы Аккулу районунун Казы айылынын жанындагы жайлоодон жоголгон. Төрт күн бою малдын ээси өз алдынча бир үйүр жылкыны издеп, андан кийин уурулук боюнча арыз менен милицияга кайрылган.

«Төрт унаа менен 20га чукул милиция кызматкерлери жоголгон аттарды издеп жатышты. Издөө иш-чараларынын натыйжасында 6-декабрь күнү Казы айылынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Борлы көлүндө музга тоңуп калган 26 өлгөн жылкы табылды », - деди брифингде Аккулу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таскын Бодиев.

Милиция айыл тургундарын малды кароосуз калтырбоого жана малына бирка салууга үндөдү.