Жаңылыктар
"Көз айнекчен бала” тасмасынын автору Альгимантас Видугирис эскерилди
Маданият
"Көз айнекчен бала”  тасмасынын автору Альгимантас Видугирис эскерилди

Кечээ, белгилүү совет жана кыргыз кинодраматургу, кинорежиссёр, публицист, окумуштуу, академик, Кыргыз ССРнин эл артисти, Даңк медалынын ээси АльгИмантас Видуги́рис көзү тирүү болгондо 80 жашка толмок.  

Анын эскерүү иш чарасы Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө өтүп, ага белгилүү кино ишмерлери катышты. Альгимантас Видугиристин “Көз айнекчен бала”, “Күнгө кайрылуу”, “ПСП”, “Кумдагы чептер”, “Нарын күндөлүгү”, “Аялы жок эркектер” жана башка тасмалары кыргыз киносунун алтын казынасына кирген. 

Анын союз убагында тартылган “Көз айнекчен бала” аттуу тасмасы, өсүп келе жаткан жаш муундарга абдан чоң таасир калтырып, аларды гумандуулукка үгүттөгөн сонун тасма болгон. 1968-жылы көп сыйлыктарды багынткан «Кумдагы чептер» кыска метраждуу тасмасы чыгып, көптөгөн эл аралык жогорку сыйлыктарга татыган.