Жаңылыктар
ХХ кылымдагы Евразия калктарынын үй-бүлө маданияты
Маданият
ХХ кылымдагы Евразия калктарынын үй-бүлө маданияты

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде 2-июлдан 21-августка чейин  ХХ-кылым. "Евразия калктарынын  үй-бүлө маданияты"  аттуу фотокөргөзмө  коюлат. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Биринчи бөлүктө  факсимилдик  фотосүрөттөр (булар жол-жоболоштурулган) ХХ-кылымда Орто-Азия, Кавказ, Сибирь, Поволжье аймактарында жашаган элдердин жана  фин-угор элдеринин салттуу  үй-бүлөнүн күнүмдүк жана майрамдык турмуштары  менен тааныштырат. Үй бүлө жашоосунун  ар түрдүү дүйнөсү  менен портреттер, турмуштук сюжеттер, промыслолук, календардык, ошондой эле үй-бүлө ырым-жырымдары жана тойлору аркылуу таанышабыз.

Фотокөргөзмөдө  чагылдырылган көз ирмемдер бизге ар кандай  маданият аркылуу жана конфессиялардагы элдердин салттарынын жалпылыгын жана өзгөчөлүктөрүн  байкоого мүмкүнчүлүк берет. Бул элдер өз-ара коомдук, маданий, саясий, катнаштар жана жалпы чек ара аркылуу, адегенде, Орусия империясынын алкагында андан соң СССРдин, ал эми 1991-жылы Көз карандысыз мамлекеттердин биримдиги алкагында тарыхый байланынштарда болуп келген.

Фотокөргөзмөнүн экинчи бөлүгүн кино тасма жана сүрөттөр түзөт. Ошондой эле Белорусия,Кавказ жана Орто-Азия элдеринин ХХ-кылымдын 70-чи жылдарындагы  үй-бүлө турмуштарынын ар тараптуу  жактары менен тааныштырат. Кино тасма ТАССтын белгилуу фотографтарынын иштерин тартуулайт.

Мында үй-бүлөлөрдүн совет доорундагы майрамдык жана күнүмдүк турмуштары  таасын жана өзгөчө чагылдырылат. 80ге жакын фотолорду жана тасманы камтыган көргөзмө  фотолордун таржымалдарын баяндаган киришүү  текстери  менен коштолуп турат.