Жаңылыктар
Баш мыйзам өзгөрүшү мүмкүн
Саясат
Баш мыйзам өзгөрүшү мүмкүн

“Референдум жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Парламенттин жыйынында биринчи окууда кабыл алынды. Ага чейин жыйында референдум өткөрүүгө 10 миң шайлоочу менен өкмөттүн демилгелөөсү талаш пикирлерди жараткан. Талдоочулар  бул мыйзам долбоору эгер кабыл алынса, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүү жүргүзүлүшү мүмкүн деген оюн айтса, демилгечи депутаттар бул мыйзам педофилдерге жана террорчуларга өлүм жазасын киргизүү үчүн зарыл экендигин белгилейт.

 “Референдум жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү кийирүү боюнча мыйзам долбоор 5-чакырылыштын депутаттары тарабынан да көтөрүлүп, колдоого ээ болгон эмес. Кайрадан көтөрүлүп жаткан демилге профилдик комитетте колдоого ээ болуп, ЖКнын жыйында талкууланды. Демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, ререферендум жөнүндөгү аракеттеги мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

2010-жылга чейин, Кыргызстандын тарыхында референдум негизинен бийликтин саясий куралы катары колдонулуп келген. Ал эми апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт бийлигин референдум аркылуу мыйзамдаштырган. 2020-жылга чейин негизги мыйзамды өзгөртпөш үчүн мараторий жарыяланган.

С. Идирисов, “Биринчи радио”