Жаңылыктар
Альгимантас Видугиристин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак
Маданият
Альгимантас Видугиристин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак

Чет жерде төрөлүп, бирок бүткүл өмүрүн Кыргызстанга арнаган белгилүү режиссер Альгимантас Видугиристин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Кыргыз кинематографиясын түптөөгө жана бир кездеги “кыргыз кереметин” жаратууга салым кошкондордун бири, белгилүү кинорежиссер жана оператор, жазуучу, публицист, окумуштуу 21-июнда жарык дүйнөгө келген. “Көз айнекчен бала”, “Күнгө кайрылуу”, “Кумдагы чептер” тасмалары совет доорундагы замандаштарынын элесинде түбөлүккө сакталган. Улуу режиссердун 80-жылдыгына утурлай Кино уйундо замандаштары эскеришип, кыргыз искусствосуна кошкон салымы зор экендигине токтолушту.

Альгимантас Видугирис  1936-жылы Литванын Каунас шаарында кызматчынын үй бүлөсүндө төрөлүп, балылыгы Укмерге кичи шаарында өткөн. Орто мектепти аяктаган соң, Каунас политехникалык институтуна тапшырып, бирок 3-курска келгенде таштап баса берет. Анткени ал режиссер болууга гана жаралган болчу. 1962-жылы Москвадагы кинематография институтун аяктаган соң Кыргызстанга келип, кийинки өмүрү “Кыргызфильм” менен тыгыз байланышта болуп, кереметтүү тасмаларды жаратат.  Фрунзенин жаратылыш кооздугу жагып калып, ушул жерде эле иштеп калууну туура көрөт. Ошентип 1968-жылы “Кумдагы чептер” кыска метраждуу тасмасын тартып, болуп көрбөгөндөй  сыйлыктарды  алып келген деп белгилейт белгилүү режиссер Мар Байжиев.

Альгимантас Видугирис кыргыз искусствосуна кошкон салымы үчүн “Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” , “Кыргызстандын эл артисти” наамдарына татыган. 2006-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган. 75 жаш курагында узакка созулган катуу оорудан улам көз жумган. Анын жараткан эмгектери менен таланттын ысмы түбөлүккө сакталып кала бермекчи дейт замандаштары.

Рахат Кыдыртоктоева, “Биринчи радио”