Жаңылыктар
«Камеко» компаниясы Канадада да мыйзам бузууга шектелүүдө
Кылмыш
«Камеко» компаниясы Канадада да мыйзам бузууга шектелүүдө

Кыргызстанда «Кумтөр» чуусу менен белгилүү «Камеко» компаниясы Канадада да мыйзам бузууга шектелүүдө.

 Чет элдик маалымат каражаттары ишкана 2 миллиард доллардан ашуун салыкты төлөбөгөнүн жазып чыгышты. 

Анда маалымдалгандай «Камеко» менен салык мекемесинин ортосундагы талаш-тартыш 7 жылдан бери уланып келатат. Компания Швейцарияда өзүнүн кичи ишканасын негиздеп, анда иштетилген уранды Канададан ташып турган.

 Кирешелери өз өлкөсүнө эмес, Швейцарияга көрсөтүлгөн. «Камеко» мындай айыптоолорду четке кагууда.

 Кенинерээк төмөндөгү аудио баяндан уксаңыз болот.

М.Абдраманова,  «Биринчи радио»