Жаңылыктар
ЖК: “Кумтөр” боюнча кылмыштын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу сунушталды
Коррупция
ЖК: “Кумтөр” боюнча кылмыштын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу сунушталды

Жогорку Кеңештин 16 депутаты анын ичинде төрт фракциянын лидерлери “Кумтөр” боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарууну сунуштоодо. 

Анда белгиленгендей Кумтөр боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүү жана коррупциялык фактылар боюнча айыпталгандар жазадан кутулуп кетиши мүмкүн. 

Анткени буга кылмыштын эчак жасалып, эскирүү мөөнөтү келип калганы жол берет.

Эми бул норма жоккочыгарылышы күтүлөт. Ал арада юристер мыйзамдар кабыл алынган күндөн тарта иштеп баштарынэске салышса, эксперттер болсо, 2009-жылкы келишим боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоого убакыт бар экенин айтышат.