Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрт адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, кечээ, 13-декабрда саат 14: 36да Новопокровка айылынын түштүк тарабында жайгашкан сарайдан өрт чыккан. Жалпы күйүү аянты болжол менен 320 м2 түзгөн. Өрттүн кесепетинен 4 адам - 1995-жылы туулган аял, 2016-жылы туулган кыз жана 2014 жана 2017-жылы туулган эки бала каза болушкан.
Өрттү өчүрүү үчүн Ысык-Ата райондук өрт өчүрүү тобу жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүүчү бөлүгүнөн бир атайын өрт өчүрүүчү унаа барган. Өрт саат 20:47де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталууда.