Жаңылыктар
Стин Якобсен: Жаңырган жылда пандемия аяктап, дүйнөлүк экономика өз нугуна түшөт
Дүйнө
Стин Якобсен: Жаңырган жылда пандемия аяктап, дүйнөлүк экономика өз нугуна түшөт

Коронавирус пандемиясы 2021-жылдын экинчи кварталында аяктап, дүйнөлүк экономика өзүнүн кадимки ыраатына кайтып келет. Бул тууралуу РИА Новостиге Даниянын инвестиция боюнча адиси Стин Якобсен билдирди. 

Анын божомолуна караганда, абал жакшырып Азия экономикасы алгачкылардан болуп көтөрүлөт. Кытайдын экономикасынын өсүү темпи биринчи кварталда 10 пайызга жакын санды көрсөтөт. Анын артынан Түндүк Европа, АКШ, анан Улуу Британия чыгат, деген ал. 

Ошондой эле, Якобсен пандемия башталгандан тогуз айдан кийин вакцина иштелип чыгат деп эч ким күткөн эмес. Адатта буга 2-3 жыл кетчү. Бул илимдин болуп көрбөгөндөй жетишкендиги деп кошумчалаган.