Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата, бүгүн Бишкекте салтанаттуу жыйын өттү. Анда саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн мыкты иштеген кызматкерлерге ардак грамоталар менен төш белгилер тапшырылды.
Ошондой эле эне менен баланын ден соолугун чыңдоо максатында, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 8 тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар жакынкы мезгилде бардык облустардагы төрөт үйлөрүнө бөлүштүрүлөт.
Унаалар кош бойлуу энелерди төрөт үйлөрүнө жеткирүү мезгилиндеги түрдүү терс жагдайларды болтурбай, ымыркай менен энеге учурунда жардам берүүгө ылайыкташып, керектүү жабдыктар менен толукталган. Учурда саламаттыкты сактоо тармагында 52 миңден ашык медицина кызматкери иштейт.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118