Жаңылыктар
БШК президенттикке талапкерлерге акысыз обо убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүп, чүчүкулак өткөрдү
Шайлоо 2023
БШК президенттикке талапкерлерге акысыз обо убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүп, чүчүкулак өткөрдү

14-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин арасында акысыз обо убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.

“Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага (КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы №119 токтомунун редакциясысында) ылайык БШК мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун өз алдынча аныктайт. Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен финансыланган жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар, ошондой эле башка медиаларга салыштырганда салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерге ээ болгон ЖМКлар талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга милдеттүү.

КР Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлер өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу. Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз обо убактысы жана басма аянты бөлүштүрүлдү.