Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлер өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу.
Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле-жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз обо убактысы жана басма аянты төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин КТРК телеканалынын эфиринен жеке чыгып сүйлөө тартиби:
- Абакиров Эльдар Курманбекович;
- Асанов Курсан Сатарович;
- Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
- Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
- Исаев Канатбек Кедейканович;
- Тагаев Рашид Бакирович;
- Жапаров Садыр Нургожоевич;
- Тольбаев Бабыржан Латиханович;
- Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
- Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
- Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
- Арстанбек Мыктыбек;
- Иманалиев Каныбек Капашович;
- Сегизбаев Абдил Кенешевич;
- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
- Касенов Аймен Абдыталипович;
- Ташов Имамидин Асамидинович.