Президенттикке талапкерлер өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу.
Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле-жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз обо убактысы жана басма аянты бөлүштүрүлгөн. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин КТРК телеканалынан атайын репортаждарынын кетүү тартиби:
КТРК телеканалы (атайын репортаж)
- Сегизбаев Абдил Кенешевич;
- Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
- Тольбаев Бабыржан Латиханович;
- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
- Исаев Канатбек Кедейканович;
- Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
- Ташов Имамидин Асамидинович;
- Иманалиев Каныбек Капашович;
- Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
- Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
- Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
- Абакиров Эльдар Курманбекович;
- Касенов Аймен Абдыталипович;
- Асанов Курсан Сатарович;
- Арстанбек Мыктыбек;
- Тагаев Рашид Бакирович;
- Жапаров Садыр Нургожоевич.
Эске салсак, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин арасында акысыз обо убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөргөн.