Президенттикке талапкерлер өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарынан акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмалардан акысыз басма аянтын алууга укуктуу.
Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле-жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24.00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
14-декабрда кармалган чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз обо убактысы жана басма аянты бөлүштүрүлгөн. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин 28-29-30-декабрда КТРК телеканалынан кетүүчү теледебаттарынын 1-турунун тартиби:
КТРК телеканалы (теледебаттар 1-тур – 2020-ж. 28-декабрь)
- Исаев Канатбек Кедейканович;
- Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
- Касенов Аймен Абдыталипович;
- Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
- Иманалиев Каныбек Капашович;
( 2020-ж. 29-декабрь)
- Арстанбек Мыктыбек;
- Жапаров Садыр Нургожоевич;
- Тагаев Рашид Бакирович;
- Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
- Ташов Имамидин Асамидинович;
- Абакиров Эльдар Курманбекович;
(2020-ж. 30-декабрь)
- Тольбаев Бабыржан Латиханович;
- Асанов Курсан Сатарович;
- Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
- Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
- Сегизбаев Абдил Кенешевич.