Жаңылыктар
Ысык-Көлдө мас абалында унаа башкарган айдоочуларга айып салынды
Кылмыш
Ысык-Көлдө мас абалында унаа башкарган айдоочуларга айып салынды

Өткөн жумада Ысык-Көл облусунда мас абалында унаа башкарган 25 айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта, алардын ар бирине 17500 сом айып салынганы жана унаалар айып жайга токтотулганы айтылды.

«Жума сайын облуста кошумча рейддер өткөрүлүп турат. Жалпысынан рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган 972 айдоочу аныкталды. Мындай чаралар эреже бузуучулардын санын кыскартууга, жол кырсыктарын азайтууга, эң негизгиси кырсыктардан жаракат алгандардын, айрыкча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн санын кыскартууга багытталган », - деп басма сөз кызматы билдирди.