Жаңылыктар
“Чыгыш балдары достошот” аттуу Эл аралык фестиваль старт алды
Маданият
“Чыгыш балдары достошот” аттуу Эл аралык фестиваль  старт алды

“Чыгыш балдары достошот”. Дал ушундай аталыштагы таланттуу балдардын эл аралык 11-фестивалы Ысык-Көлдө старт алды. Чыгыш өлкөлөрүнөн келген беш жүздөн ашык балдар Ысык- Көл жээгинде алты күн бою өз өнөрлөрүн тартуулап, эс алышат. Белгилей кетсек бул иш чара Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунун 80-жылдыгына, эгемендүүлүктүн 25-жылдыгына, быйылкы тарых жана маданият жылына арналууда. 

Мына ушул жагымдуу маанайды Кыргызстандык таланттуу балдар акыркы үч жылдан бери күтүп жүрүшкөн. Беш жүздөн ашык ыр бийге шыктуу балдардын башын бириктирген фестивалга быйыл Кытай,Орусия, Казакстан,Индия, Түркия жана башка өлкөлөрдөн балдар катышууда. Таланттуу балдарды алты күн бою абдан кызыктуу оюндар күтүп турат.

Чыгыш балдары достошот фестивалына Казакстандын жаш таланттары активдүү катышып, быйыл да өзгөчө программа менен келишкен. Махабат ыр бий ансамблиндеги балдардын Кыргызстандагы достору абдан көп.
Чыгармачыл жаш таланттардын фестивалы үч жыл сайын бир өтүп, чыгармачыл коллективдер жер жүзүндөгү тынчтыкты, ынтымакты, достукту жана эң башкысы бактылуу балалыкты даңазалайт. Элдер ортосундагы достукка дагы көпүрө.