Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду
Спорт
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду. 

Финалда 60 килограмм салмактагы Шаршенбеков Россиялык Степан Марянян менен кармашты. Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы упай Шаршенбековго ыйгарылып, алтын медалга татыктуу болду. Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу жарым финалда түркиялык Ахмед Уярды 5:1 эсебинде жеңип алган. Ага чейинки кармашууда молдовалык, белорусиялык спортчуларды жеңген.