Жаңылыктар
Улуттук университетте окутуучулар курамы тандалууда
Билим
Улуттук университетте окутуучулар курамы тандалууда

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте окумуштуулар кеңеши профессордук-окутуучулар курамын шайлоодо. Анда, илимий даражасы барлар 5 жылдын ичинде кошумча эмгектерин жарыкка чыгарышы керек жана квалификациясын жогорулатышы зарыл деген сыяктуу бир топ критерийлер бар. Эгер андай талаптарды аткарбаса, илимий даражасы болсо да, университетте иштей албайт.

 Учурда окумуштуулар кеңеши ошол талаптардын бардыгын дыкат карап, добуш берүүдө. Эскерте кетсек, совет мезгилинде профессордук-окутуучулар курамы 5 жылда бир сынактан өтүп турчу. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери бул шарт аткарылбай, илимий даражасы барлар ректордун буйругу менен гана иштеп келген. 

Эскерте кетсек, окуу жайдагы мугалимдерди тандоо боюнча сынак адилетсиз өтүп, жетекчиликке жакпаган мугалимдер атайылап кулатылды деп, айрым окутуучулар нааразычылыгын билдирүүдө.