Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты
Спорт
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты. 

62 кг салмакта катышып жаткан Тыныбекова мелдештин жарым чейрек финалында румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда балбан кыз Түркиялык Жансу Аксой менен күрөшүп, аны да 10:0 эсебинде утуп алды. 

Жарым финалда Тыныбекова россиялык Любовь Овчарова менен кармашып, 13:2 эсебинде жеңишти камсыздады. Эми финалдык беттешүүдө мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен алтын үчүн күрөшөт.