Жаңылыктар
Бишкектин жылуулук борбору жаңыланууда
Экономика
Бишкектин жылуулук борбору жаңыланууда

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо иштери үчүнчү этапка келди. Учурда буу казандар менен турбиналар жайгашкан имарат салынып жатат. Модернизацияланып жаткан жылуулук борборундагы иштер менен вице-премьер-министр Олег Панкратов таанышты. 

Адистердин айтымында, жаңыртылган ТЭЦтеги жабдыктар Кытайлык өндүрүштөн чыккан. Буу казандар менен турбиналардын бардыгы жаңыртылган ТЭЦти жаңылоо иштеринин натыйжасында борбор дагы кошумча 300 мегаватт электр энергиясын өндүрө баштайт. Мындан тышкары абага бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы кескин азаят дешет адистер.

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо бүткөндөн кийин, анын кубаттуулугу 660тан 812 мегаваттка жогорулайт. Мындан тышкары абага чыгарылган көмүр кычкыл газы кескин азаят. Мындан тышкары абага чыгарылган көмүр кычкыл газы кескин азаят.