Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды
Спорт
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медалга ээ болду. 

Дүйнө кубогуна Тыныбекова 62 килограмм салмакта катышкан. Ал жарым чейрек финалда румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда Түркиялык Жансу Аксой менен күрөшүп, аны да 10:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда да Тыныбекова россиялык Любовь Овчарова менен кармашып 13:2 эсебинде жеңишти камсыздаган. Ал эми финалда мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен күч сынашып, аны 14:0 ири эсебинде артта калтырды.