Жаңылыктар
Каржы министрлиги бюджетти толук программалык негизде жүргүзүүнү пландоодо
Экономика
Каржы министрлиги бюджетти толук программалык негизде жүргүзүүнү пландоодо

Каржы министрлиги алдыдагы жылдары бюджетти толук программалык негизде жүргүзүүнү пландап жатат. Бул каражат бөлүнгөн министрлик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун арттырып, каражатты максатка ылайык жана үнөмдүү пайдаланганга шарт түзөт. 

Бюджетти программалык негизде жүргүзүү ыкмасы буга чейин пилоттук негизде саламаттык сактоо министрлигине жана транспорт министрлигине киргизилген. 3 жылдан бери сыналып жаткан долбоор ийгиликтүү деп табылып, каржы министрлиги 2022-жылдан тарта бардык мекеме-ишканаларды каржылоону программалык негизде жүргүзүүнү пландап жатат. 

Бүгүн өткөрүлгөн тегерек үстөлдө адистер эл аралык эксперттер менен бирге программанын ишке ашырылышы жана анын натыйжалары тууралуу пикир алмашышты.