Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнө 25 жыл толду. Буга карата салтанаттуу иш чара Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда белгиленди. Куткаруучулардын күнү - бул адамдарды урандылардын алдынан сууруп чыккан, жалындап күйгөн өрттү аралап, адам өмүрүн аман алып калган же өмүрү кылдын учунда турган адамдарды өз өмүрүн тобокелге салуу менен сактап калган баатырлардын күнү болуп саналат.
Ушул түйшүктүү, ары сыймыктуу, кадыр-барктуу кесипти аркалагандарга арнаган мамлекет башчынын куттуктоосун коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров окуп берди. Иш чарада алдыңкы куткаруучуларга президенттин атынан баалуу сыйлыктар да тапшырылды.
Анда ӨКМнин 25 жылдык тарыхындагы орчундуу окуялары туралуу видео ролик көрсөтүлүп, чукул кырдаал учурунда чеберчилигин көрсөткөн жарандар министрликтин ардак баракчасы менен сыйланышты.