Жаңылыктар
Көгүлтүр оттун баасы арзандады
Кыргызстан жаңылыктары
Көгүлтүр оттун баасы арзандады

Июль айында калк газдын бир кубометри үчүн 14 сом 18 тыйындан төлөйт. Бул туурасында журналисттерге "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башчысынын орун басары Ольга Лаврова билдирди. 

Анын айтымында компания көгүлтүр оттун миң куб метрин 165 доллардын ордуна 150 доллардан сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Мындан улам тарифти кайра санап чыгышкан. 

Белгилей кетсек, апрель айында калк үчүн газдын төлөмү 14,61 сомдон ал эми ишканалар үчүн куб метри 17,89 сомдон болчу.