Жаңылыктар
“Жер-Үй” кени коопсуздукка маани берүүдө
Экономика
“Жер-Үй” кени коопсуздукка маани берүүдө

“Жер-Үй” алтын кенин иштетүүдөн кийин айлана-чөйрөгө болгон таасирлер коопсуз болушу керек. Мына ушундай ураанды максат кылган иш чара бүгүн Бишкек шаарында өттү. Анда былтыр “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү үчүн тендерден утуп чыккан "Альянс Алтын" компаниясы кен казуудагы бир топ кепилдиктер тууралуу маалымат берди. 

Бүгүнкү күндө компания Кыргызстанга 100 млн. доллар өлчөмүндөгү каражатты которуп бүттү. Ал эми лицензия берүүдөн түшкөн каражаттын 170 млн. сому кенге жакын жайгашкан Талас районундагы Бекмолдо айылына, экинчи бир 170 млн. сом районго, ал эми дагы бир 170 млн. сом облустун капчыгына келип түштү. 

Жергиликтүү бийлик бир гана кирешени карабастан экологиялык жана башка коопсуздук жактарына дагы чоң маани берүүдө. Компания жетекчилиги болсо "Кен казуудагы бардык иштер Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жасалып, акыркы үлгүдөгү заманбап технологиялар пайдаланылат - деп убада кылууда.