Жаңылыктар
Дүйнө кубогуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөлөрү Бишкекке келишти
Спорт
Дүйнө кубогуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөлөрү Бишкекке келишти

Белград шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бишкек шаарына учуп келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов тосуп алды. Ал курама команданы мелдештерде жеткен ийгилиги менен куттуктады. Дүйнө кубогунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер быйыл 10-декабрдан 16-декабрга чейин өттү.

Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 1 алтын, 2 коло медаль утуп, Дүйнө кубогунда төртүнчү орунга ээ болду. 1-орунду 60 кг чейинки салмактык категориядагы Жоломан Шаршенбеков ээлесе, 3-орунду 63 кг чейинки салмактык категориядагы Калы Сулайманов жана 72 кг чейинки салмактык категориядагы Руслан Царев багындырды.