Жаңылыктар
Чет өлкөлөрдөгү жарандар Президенттик шайлоого кантип катыша алат
Шайлоо 2023
Чет өлкөлөрдөгү жарандар Президенттик шайлоого кантип катыша алат

Чет өлкөлөрдөгү жарандар шайлоого катышуу үчүн добуш берүү тилкесине арыз менен кайрылып, консулдук каттоого алынышат. Мындай жол менен акыркы бир айда 8 миң адам катталды. Кыргызстандын аймагынан сырткары 48 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Миңдеген эмгек мигранттары добуш берүү укугунан ажырап жатканы шайлоодогу негизги көйгөйлөрдүн бири. Кыргыз жараны жүргөн чет жердеги ар бир шаар, аймакта шайлоо участкасын уюштуруу мүмкүн эмес. Ошентсе да аларды көбөйтүү зарылчылыгы бар.

Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Түштүк-Сахалин, Сургут, Тюмень шаарларында добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар. Германияда Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн шаарларында шайлоо тилкелери ачылган.
Казакстанда Нур-Султан менен Алматы шаарларында, Кытайда - Пекин менен Гуанджоуда Бириккен Араб Эмираттарында Абу-Даби жана Дубай шаарларында, Түркияда болсо Анкара менен Стамбулда добуш берүү участоктору бар.

Мындан сырткары Ашхабад, Баку, Брюссель, Вашингтон, Вена, Доха, Дүйшөнбү, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Рим, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Эр-Рияд шаарларында да кыргызстандыктар добуш бере алышат.

Өлкө ичиндеги жана чет жердеги шайлоо тилкелерин кошо эсептегенде жалпысынан 2473 добушкана бар. Аларды жылытуу тутумуна кошуу, тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу сыяктуу даярдыктар ар бир аймакта жүрүп жатат.