Жаңылыктар
Өкмөт азык-түлүктөрдүн баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди
Экономика
Өкмөт азык-түлүктөрдүн баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди

Өкмөт күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өлкөдөгү азык-түлүк коопчуздугу боюнча өткөн жыйында бир айдан бери наркты ооздуктоо боюнча чаралардан жыйынтык чыкпай жатканын сынга алды. Эми кыска убакыт аралыгында бардык тиешелүү органдар өз милдеттерин аткарууга тийиш. 

Азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу боюнча жыйынга бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери келип, абалга таасир этүүчү себептерди ачыктады. 

Буга чейин бир нече жолу күнүмдүк керектелүүчү азыктардын наркы боюнча товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу иштери бааны кармаганы менен андан майнап чыкпады. Өзгөчө эттин баасын сырткары чыгарууда көрүлгөн аракеттер анын баасын өзгөртө алган жок.