Жаңылыктар
Парламенттеги фракциялар отчёт беришүүдө
Саясат
Парламенттеги фракциялар отчёт беришүүдө

Жогорку Кеңештеги Республика - Ата-Журт фракциясы алтынчы чакырылыштын алгачкы сессиясында 15 жолу пландалган жана 6 жолу чукул отурумдарын өткөргөн. 

Бул туурасында аталган фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында бул отурумдарда фракция 101 чечим кабыл алган. Анын жарымы мыйзамдык актылар боюнча болсо, уюштуруу иштерине байланыштуу 35 чечим жана эки жолу жумушчу комиссияны түзүү чечими кабыл алынган. 

Мындан тышкары фракциянын дарегине ар кандай мазмундагы 3 миң 284 кат келип түшкөн. Алардын көбүнчөсү материалдык жардам суроо боюнча деп билдирди Бабанов. Аны менен фракция лидери 1-сессия ичинде жасалган иштер жана кабыл алынган мыйзамдарга токтолду. 

Маселен депутаттардын артыкчылыктардан баш тартуусу, оң рулду унааларды коммерциялык максатта колдонуу мыйзамын 2020-жылга чейин узартуу жана башкалар.

Ал эми алдыдагы экинчи сессияда фракция сот реформасын ишке ашыруу менен ипотекалык насыяларды берүү боюнча катуу киришээрин убада кылды.