Жаңылыктар
Шайлоо өнөктүгүнө карата камылга. Добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси 29-декабрда бекитилет
Шайлоо 2023
Шайлоо өнөктүгүнө карата камылга. Добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси 29-декабрда бекитилет

Шайлоого 21 күн калганда Борбордук шайлоо комиссия президенттикке талапкерлердин бюллетенде жайгаша турган катарын аныктайт. Иш-чара 19-декабрда БШКнын имаратында өттү.

Катар санын аныктоо чүчү кулак кармоо ыкмасы менен өткөрүлдү. Жыйынга 18 талапкердин 17синин өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү көз салып турушту. Алгач шарды алып чыгуу кезеги аныкталып, ага дагы чүчү кулак кармалды. Андан кийин талапкерлердин өкүлдөрү өздөрү тандаган катар боюнча кутудан эсеп номурлары жазылган шарларды алып чыгышты.