Жаңылыктар
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды
Туризм
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде ачылды. Ал Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун, Казакстандын, Россиянын, Тажикистандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулардын катышуусу менен өттү.

Салтанаттуу ачылышта министр Нуржигит Кадырбеков келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай жана Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды.

Ачылыш аземге туристик тармакты колдогон өнөктөштөр тарабынан бир катар баалуу белектер тапшырылып, иш чара жогорку деңгээлде өттү.

Белгилей кетсек, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Андыктан, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер пландалып жатат.