Жаңылыктар
Президенттик шайлоо: Талапкерлердин дарамети кандай?
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоо: Талапкерлердин дарамети кандай?

Алдыдагы саясий аламанда мамлекет башкарууга 18 талапкер ат салышууда. Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Учурда президенттикке талапкерлер өздөрүнүн программалары менен элди тааныштырып, президенттик тактыга келсе элге кандай кызмат кылаарын түшүндүрүп жатышат. 

Албетте 18 талапкердин кимиси маарага келээри белгисиз, бирок тиги-бу деп көзү ачыктык кылгандар, астрологдордун пикирлерине таянып, түз да, кыйыр да шайлоочулардын тандоосуна таасир этүүнү каалагандар да байкалат.Он сегиз талапкердин 18 башка тарапташтары өз талапкерин президент болсо деп каалашат, бирок президенттик кызмат бирөө экенин эстен чыгарбайлы. Азыркы талапкерлердин өлкө башкарууга потенциалы жетеби, кимисинин кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? Эл алдын да кандай убадаларды берип жатат? Баягы эле курулай убадаларбы, же өзгөчөлүк байкалабы? Бул жолку президенттик шайлоо мурдагылардан айырмаланабы? Президенттик шайлоо Мамлекеттин бүтүндүгү менен элдин ынтымагына тескери таасирин тийгизбеш үчүн эмне кылышыбыз керек? Мындай учурда талапкерлер менен катар шайлоочулардын, тарапташтардын жоопкерчилиги кантип өлчөнөт?

Уктурууга Ички иштер минитсринин мурдагы орун басары, Өмүрбек Эгембердиев, политолог Бакыт Жумагулов жана саясий илимдердин кандидаты,политолог Алмаз Ибраев катышууда.