"Өлкө тарыхында биринчи жолу башкаруунун ылайыктуу формасын эл өзү тандайт. Биз шайлоо процессинин таза жана ачык болушун камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз".
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун тургундары менен жолугушуп, мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттары, өлкөнүн жана аталган региондун социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.