Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына аттанып жаткан талапкерлерге мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык бекер эфирдик убакыттарды берүүдө.
Анын алкагында талапкерлердин катышуусунда жеке кайрылуу, атайын репортаж жана теледебаттар уюштурулуп жатат. Өткөн жумада айрым талапкерлердин жеке кайрылуусунун КТРКнын ютубдагы расмий каналынан кыска убакытка өчүүсү орун алды. Бул техникалык себептерден улам болгондугун жана кыска убакытта жеке кайрылуулар калыбына келтирилгендигин билдиребиз. Мыйзам боюнча КТРК талапкерлерге бекер эфирдик убакыт гана берүүгө тийиш.
Ал эми КТРКнын расмий сайты менен ютуб каналына жайгаштыруу өз учурунда эфирден көрө албай калган шайлоочуларга шарт түзүү максатында ишке ашырылып жатат. Корпорация телекөрүүчүлөрдү келтирилген ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.