Жаңылыктар
Кытайда жер көчкүнүн кесепетинен 11 адам көз жумду
Дүйнө
Кытайда жер көчкүнүн кесепетинен 11 адам көз жумду

Кытайдын Гуанчжоу провинциясында катталган жер көчкүнүн кесепетинен 11 киши көз жумду. Ал эми 12 кишинин дайыны жок. Бул туурасында Синьхуа кабар агенттиги жазды. 

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Бицзе шаарына жакын жердеги айылда болгон көчкү 30 кишини басып калган. Алардын жетөө качып чыкканга жетишип калган.Табигый кырсык катталган жайда 800дөн ашык аскер куткаруу иштерин көрсөтүүдө. Алар дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн тийиштүү чараларды көрүүдө деп жазат Синьхуа. 

Кытайда тынымсыз жааган жаандан улам буга чейин жалпысынан кеминде 34 киши көз жумуп, экөө дайынсыз жоголгон. Суу ташкындарынын кесепетинен жүздөгөн үй суу астында калып, 10 миңдей киши эвакуацияланган.