Жаңылыктар
БШК президенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган 120 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
Шайлоо 2023
БШК президенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган 120 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Борбордук шайлоо комиссиясы президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзө турган 120 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. 

Боршайком билдиргендей, 21-декабрга карата 23 мамлекеттен жана 15 эл аралык уюмдан байкоочулар келери белгилүү болду. Кыргызстан, Молдова, Азербайжан, Россия мамлекеттеринин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана бир катар эл аралык институттардын өкүлдөрү бар. 

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Учурда 18 талапкер ат салышууда. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.