Жаңылыктар
"Мен сүйгөн Айтматов" кино тасмасынын 2-бөлүгү тартылышы мүмкүн
Маданият
"Мен сүйгөн Айтматов" кино тасмасынын 2-бөлүгү тартылышы мүмкүн

КТРКнын кызматкери Абдулалим Мамадалиевге таандык "Мен сүйгөн Айтматов" кино тасмасы Коомдук биринчи канал жана Баластан телеканалынын эфиринен жаш көрөрмандардын назарына коюлду. Аталган тасма эфирге чыгары менен редакциябызга телефон чалып 2-бөлүгүн көрсөтөсүңөрбү деп сураган жарандар арбын болду.

Ал эми "Мен сүйгөн Айтматовду" койгон режиссер Абдулалим Мамадалиевдин айтуусунда, тасманын 2-бөлүгүнүн үстүнөн иштеп жатышат.

Маалым кыла кетсек, "Мен сүйгөн Айтматов" кино тасмасы 14 күндө тартылып бүткөн. Монтаж иштерине 45 күн кеткен.

Тасманын кыскача мазмуну:

Данияр менен Алымбек мектептин эң тентек балдары. Кезектеги тентектигинин айынан алар директордун бөлмөсүнө чакырылат. Кылган кылыгы үчүн мектептен кетүүсүн талап кылышат. Бирок мектепте калууга бир шарт коюлат. Аларга "Мен сүйгөн Айтматов" конкурсуна даярдалган спектакль ойноосу керек эле. Мындай чечим эки балага жакпай, алар мектепти өрттөөнүн аракетин көрөт. Алардын кылыгына күбө болгон Наргиза телефонго тартып алууга үлгүрөт. Данияр менен Алымбекти тарбиялоо иретинде Айтматовдун чыгармасын окуп келсе, видеону өчүрүп салууга сөз берет. Бирок Айтматовдун чыгармалырын окуган соң Даниярда бир идея пайда болот.

Койгон режиссеру: Абдулалим Мамадалиев;

Оператор: Сүлүмбеков Чыңгыз;

Продюсер: Нишанбай Топчубаев;

Башкы ролдордо: Ниязов Даулет, Максатов Искендер, Кудайбергенова Адиля, Идирисов Арслан.