Жаңылыктар
Стамбулдагы жардырууну уюштурган 2 жанкечти Орусиянын жарандары
Дүйнө
Стамбулдагы жардырууну уюштурган 2 жанкечти Орусиянын жарандары

Стамбулдагы жардырууну уюштурган 3 жанкечтинин экөөсүнүн өздүгү такталгандыгын Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кабарлады. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Алар Раким Булгаров жана Вадим Османов аттуу Орусиянын жарандары экендиги аныкталды. Ал эми үчүнчү жанкечтинин тек жайын жана жарандыгын аныктоо иши жүрүүдө. 

Буга чейин Түркиянын маалымат каражаттары коопсуздук органдарындагы атын атабаган булакка шилтеме менен чабуул койгондор Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан жарандары болчу деп кабарлашкан. 

Бирок Түркия бийлиги муну расмий бышыкташкан эмес. Эске салсак, 28-июнда Түркиянын Ата-Түрк аба майданында болгон жардыруудан 44 киши каза таап, 200дөн ашык адам жарадар болгон.