Жаңылыктар
А.Максутов: туризм тууралуу маалыматтарды камтыган расмий сайт ачылат
Туризм
А.Максутов: туризм тууралуу маалыматтарды камтыган расмий сайт ачылат

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды. Жолугушууда министр Тарых жана маданият жылында өткөрүлө турган иш-чаралар жана өлкөдөгү туризм тармагы тууралуу жалпы маалымат берди. 

Белгилүү болгондой, быйыл өлкөдө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, 1916-жылдагы окуянын 100 жылдыгы жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы өткөрүлөт. 

Сентябрь айында экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күтүлүүдө. Министр бул иш-чараларга даярдыктар тийиштүү деңгээлде жүрүүдө деп баса белгиледи. Өз кезегинде премьер-министр жогоруда айтылган иш- чараларды өткөрүүгө өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасап, тийиштүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барууну тапшырды. 

Ал эми туризм тармагы боюнча сөз кылган министр Алтынбек Максүтов Кыргызстандагы туризм тууралуу бардык маалыматтарды ичине камтыган атайын сайт ачыларын маалымдады. Мындан сырткары учурда дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекети менен туризм тармагында келишимдерди түзүү боюнча иш жүрүп жатканы белгилүү болду.