Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы 6 спортчуга ыйгарылды
Спорт
Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы 6 спортчуга ыйгарылды

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Коллегиясынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 11-2 «2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясы» токтомуна ылайык «Кыргыз Республикасынын  спорт чебери» наамы спорттун түрлөрү боюнча төмөнкү спортчуларга ыйгарылды:

1. Алина Каныбекова, белбоо күрөшү;

2. Екатерина Геттуева, фехтование;

3. Рамазан Омаров,  сууда сүзүү;

4. Бакир Эркинбеков, спорттук самбо;

5. Акынбек Таалайбеков, спорттук самбо;

6. Фурхат Сайтазимов, грек-рим күрөшү.