Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү жайкы эс алууга тарады
Саясат
Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү жайкы эс алууга тарады

Парламент депутаттары жайкы эс алууга чыкты. Ал эми кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-чакырылыш ишин баштагандан берки аткарган иштери тууралуу маалымат берди. 

Былтыр күзүндө шайланып келген Жогорку Кеңеш курамы 62 пленардык жыйын өткөрүп, 273 мыйзам долбоору каралган. Анын ичинен 157 мыйзам кабыл алынып, 98 мыйзамга президент кол койгон.

 Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламент эл менен тыгыз иштешип, коомдо талкуу жараткан ар кандай маселелерге өз убагында жооп кылып жатканын белгиледи.