Жаңылыктар
Бүгүн "Көл" тасмасынын бет ачары болот
Маданият
Бүгүн "Көл" тасмасынын бет ачары болот

Бүгүн, 23-декабрда Эмил Атагелдиев режиссёрлук кылган "Көл" тасмасынын ачылышы "Манас" кинотеатрында орун алат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлагандай, тасманын бет ачары саат 12:30га белгиленген.

Аталган тасма буга чейин Шанхайда өткөн тасмалардын эл аралык фестивалында көрсөтүлүп, "Asian New Talent Award" категориясынын номинанты болгон. Фильм Кыргызстандын атынан "Алтын глобус" сыйлыгына да сунушталган.

Аталган тасмага Садык Шер-Нияз менен Эрке Жумакматов продюсерлик кылып, Кинематографисттер департаментинин колдоосу менен тартылган.