Жаңылыктар
Юпитер жана Сатурн планеталарынын максималдуу түрдө жакындашуусу катталды
Билим
Юпитер жана Сатурн планеталарынын максималдуу түрдө жакындашуусу катталды

Жер планетасынын тургундары 22-декабрга караган түнү Юпитер жана Сатурн планеталарынын максималдуу түрдө жакындашуусуна күбө болушту.

Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды. Белгилүү болгондой, мындай кубулуш акыркы жолу 1226-жылдын 4-мартында орун алган.

Юпитер менен Сатурндун жакындашуусу ар 20 жылда бир болот. Бирок максималдуу түрдө бири-бирине жакындашуу жүздөгөн жылда бир боло турган көрүнүш.

Мындай кубулушка эми 2400-жылдан кийин гана күбө болууга мүмкүн.