Жаңылыктар
Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар өлкө региондоруна жөнөтүлдү
Шайлоо 2023
Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар өлкө региондоруна жөнөтүлдү

«Жалпы иш» коомдук фонду бүткүл өлкө боюнча шайлоо алдындагы мезгилге, шайлоо күнү жана шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүү үчүн 58 узак мөөнөттүү байкоочуларды окуудан өткөрүп, региондорго жөнөттү.

Узак мөөнөттүү байкоочулар шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнө жана иштешине, шайлоо алдындагы үгүт кампанияларына, шайлоочулардын тизмелеринин түзүлүшүнө байкоо салып, ошондой эле шайлоо процесси учурунда мүмкүн орун ала турган мыйзам бузууларды каттайт.

Отчеттун максаты – шайлоо алдындагы мезгил тууралуу объективдүү, толук жана калыс маалымат берүү болуп саналат.