100 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБинин кызматкери кармалды.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматынан билдирди. Маалым болгондой, кармалган кызматкер жарандан 3 миң доллар акча талап кылган.
Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.