Жаңылыктар
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда 20 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды
Коррупция
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда 20 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда мамлекетке 20 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. Ага ылайык, 2018-жылы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети "Акылдуу шаар" долбоорунун компоненти болгон "Коопсуз шаардын" биринчи этабын ишке ашыруу максатында сынак жарыялаганы маалымдалат. Сынактын жеңүүчүсү катары "К.Р.В." ишканасы табылган.

Ишкана менен түзүлгөн келишимде атайын техникалык каражаттарды орноштуруу, монтаждоо иштери белгиленген мөөнөтүнөн кечигип аткарылса, ар бир кечиккен күн үчүн туунду салынат деп жазылган. Бирок кызмат көрсөтүү боюнча келишимди аткаруу мөөнөттөрү бузулганына карабастан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети аталган ишкананын мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген күндөрүнөн 50 күнүн эсептеп чыгарып койгон. Мындан улам ишкана төлөп бериш керек болгон 20 миллион 171 миң сом толугу менен эсептен чыгарылып, мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилген.

Чогулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.