Жаңылыктар
Билимдүү жаштар - өлкөнү алдыңкы мамлекеттердин катарына алып чыгат
Билим
Билимдүү жаштар - өлкөнү алдыңкы мамлекеттердин катарына алып чыгат

Билим алуу ийне менен кудук казгандай. Бирок анын ысыгы менен суугуна чыдап, күн түн дебей китепти колунан түшүрбөй окуп, изденгендерге ийгилик жылмайаары шексиз. Аны сыңарындай, 11 жыл бою мектеп партасында окугандар алгачкы сынактан өтүп, кимдин акыл куржунунда канчалык байлык бар экендиги жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен белгилүү болду. Билим деңгээли мыкты экендигин далилдегендерге эми - жогорку окуу жайларынын эшиги ачык.

Өтүп кеткен аптанын ичинде президент Алмазбек Атамбаев республикалык сынактан жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттарды жана стипендияларды тапшырды. Анда өлкө башчысы, бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалоо менен бирге кеп кеңештерин да айтып өттү.


Республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алгандардын дагы бири Нурсулуу Матекова. Борбордогу №29 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү. 228 балл топтогон Нурсулуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына бюджетке өттү. Мына ушул мыктыларды тарбиялап, татыктуу билим берүүдө ата-эненин эмгеги опол тоодой. Анара Матекова кызынын ийгилиги үчүн убагында иштеген ишинен да баш тарткан экен.

Президенттин куттуктоо аземине жалпы 66 бүтүрүүчү чакырылган. Бардыгы 200дөн жогору упай алгандар. Алар өлкөдөгү 60 миңден ашык бүтүрүүчүнүн арасынан тандалып, 52 бала “алтын сертификаттын” ээси болсо, 14 окуучу мектепти артыкчылык менен аяктагандар. Билим берүү министрлигинин байкоосуна караганда, жалпы республикалык тесттен жогорку балл алгандар жылдан-жылга көбөйүүдө. Албетте аларга мамлекет тарабынан артыкчылыктар каралган, алтын сертификаттын ээлери өлкөдөгү кайсы жогорку окуу жайы болбосун экзаменсиз өтө алышат.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында уюштурулган. Президент 52 бүтүрүүчүгө мактоо баракчаларын, бир жолу берилүүчү 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендия жана башка баалуу белектерди тапшырды. Мындай белектер республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку баага татыктуу болгон аймактардагы мектептердин 14 бүтүрүүчүсүнө да тапшырылды.

Өлкө башчы бүтүрүүчүлөрдү кесипти туура тандай билүүгө да чакырды. Айтымында, келечекте тоо-кен тармагы, энергетика, айыл-чарба, маалымат технологиясы, туризм жана тамак-аш өнөр жайы тармагындагы кесиптер актуалдуу болот. Аны менен катар мамлекет күчтүү мугалим, дарыгерлерге муктаж болуп турганын белгиледи. Андыктан азыр чет мамлекеттерде билим алгандар, салымын Кыргызстанга келип кошот деген үмүтүн билдирди.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчы Кыргызстанда эркин адамдардын мууну өсүп, билимдүү жаштардын катары калыңдап жатканын, мына ошолор өлкөнү дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына алып чыгат деген үмүтүн билдирди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118