Жаңылыктар
Калың эл депутаттардан ачыктыкты гана эмес сапаттуу, натыйжалуу иштерди дагы күтөт
Саясат
Калың эл депутаттардан  ачыктыкты гана эмес сапаттуу, натыйжалуу иштерди дагы күтөт

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары кыска убакыт аралыгында 62 пленардык жыйын өткөрүп, 273 мыйзам долбоору каралды. Анын ичинен 157си кабыл алынып, 98ине президент кол койду. Кабыл алынган мыйзамдардын арасынан 17 мыйзам жаңы иштелип чыкса, 100гө жакын мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Андан тышкары, эл аралык макулдашууларды жана келишимдерди ратификациялоо жөнүндө 40тан ашык мыйзам кабыл алынды. Ошондой эле парламент 797 токтом, 80 протоколдук тапшырма кабыл алды.

Мындай маалыматтарды Жогорку кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков алтынчы чакырылыштын 1-сессиясынын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Аны менен төрага алтынчы чакырылыштын алгачкы сессиясы коомчулук үчүн ачык-айкын болгонун кошумчалады.

Июль айынын акыркы күнүндө депутаттар ишин жыйынтыктап жайкы эс алууга тарады. Эртеси Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымат жыйын куруп, депутаттардын 8 айлык ишмердүүлүгүн тизмектеп берди. Чыныбай Турсунбеков 6-чакырылыштагы депутаттар курамы жигердүү иштеди деп билдирди. Төраганын айтымында бөтөнчө сот, укук коргоо органдарын реформалоо, мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулган. Эл аралык макулдашуулар менен келишимдерди ратификациялоо жөнүндө 40 ашык мыйзамдар кабыл алынган.



Мындан тышкары, коомдо ар түрдүү пикирлерди жараткан маселелерди иликтөө максатында депутаттык комиссиялар түзүлгөн. Чуу жараткан Балыкчы-Корумду жолунун реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча эл өкүлдөрүнөн комиссия куралган. Жогорку Нарын ГЭСине кеткен чыгымдарды карап чыгууга дагы бириккен депутат тобу бар. Укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылган маселелерди иликтөө үчүн комиссия иштеп жатат. Өлкө экономикасын ЕАЭБ алкагына ыңгайлаштырууга карата аракеттер көрүлгөн.

Парламенттик шайлоо аяктап, жаңы депутаттар ант берип мандат алып, ортодон сегиз ай өттү. Бул аралыкта коомдун көңүлүн бурган дагы мыйзам долбоорлор парламент отурумуна көтөрүлдү. Мисалы, намаз убактысын узартуу боюнча мыйзам долбоору кызуу талкууга жем таштап, тыныгууну узартуу демилгесин колдобогон депутаттар дин жолундагылардын сынына кабылды. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамга толуктоо киргизүү да айрымдарды түйшөлттү. ЖМКлардын уставдык капиталында чет элдиктердин катышы 20 пайыздан ашпашы керек деген талап каршылыкка кабылды. Саясат тануучулар менен серепчилер азыркы депутаттар курамынын ишмердүүлүгү жалпы жонунан анчейин деле канааттандырбайт деген пикирде. Мындай көз караштарга себептер бар.

Жыл башында өкмөт сунуштаган тоолуу аймактардагы жеңилдиктерди алып салуу мыйзам долбоору Теңир-Тоолуктардын сынына кабылып, ал мыйзам кайра чакыртылып алынган болчу. Өкмөттүн Мамлекеттик камсыздандыруу, анын ичинде автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы калкты бир топ түйшөлтүп, ал тургай нааразычылыктарды жараткан. Бул мыйзам быша элек деген жүйө менен жакында артка жылдырылды.

Шайлоо алдында учурдагы депутаттардын бир тобу артыкчылыктардан баш тартууга убада беришкен. Атүгүл айрым партиялар биригип декларацияга кол коюуга дагы жетишкен. Айрым убадалар аткарылган менен баш тарта албай турган артыкчылыктар бар. Мисалы кызматтык батир менен камсыздоо маселеси кайчы пикир жараткан. Бирок муктаждык болсо эл өкүлдөрүнө шарт түзүп берүү зарыл деген сунуштар айтылып келет.

Республика- Ата Журт фракциясы дагы алгачкы сессия отурум тууралуу маалымат берди. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов 1-сессия ичинде жасалган иштер жана кабыл алынган мыйзамдарга токтолду.
Легендарлуу парламенттин депутаты Кемелбек Ашыралиев азыркы депутаттар мамлекет келечегине маанилүү мыйзам долбоорлорду же болбосо өкмөт курамын бекитүү маселесин кеңири талкуулабай туруп электен өткөрүп жиберүүдө деп нааразы. Тажрыйбалуу саясатчы ар бир эл шайлаган депутат өз позициясын карманышы керек деген пикирде.

Депутаттар сентябрь айында иштеп баштайт. Ага чейин эл өкүлдөрү жер-жерлерге барып шайлоочулар менен иштешүүсү керек. Бирок ошол эле сындап жаткан серепчи, саясат тануучулардын баамында азыркы парламент өзүнүн ачык-айкындуулугун көргөзө алды. Мисалы, депутаттар телекөрсөтүүлөрдө дебаттарга чыгып, түз суроолорго жооп узатууда. Эгер коомдо кандайдыр бир маселе жаралса эл өкүлдөрү ак үйдөн көтөрүп чыккан учурлар бар. Бирок калың эл алардан ачыктыкты гана эмес сапаты мыкты боло турган натыйжалуу иштерди дагы күтүп жатат.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118